• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштогу Жолон Мамытов атындагы аллея реконструкцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы аллея оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Алмаз Мамбетов реконструкциялоо иштери менен таанышып, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Мында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы курулуп, отургучтар орнотулат. Ошондой эле жарыктандыруу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Оңдоп-түзөө иштерин ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий