• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу жылуулук ишканалары кышка даяр - шаар мэриясы

Аймак 0

Ош, 24.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Оштогу жылуулук электр борбору жана муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасына барып, күз-кыш мезгилдерине даярдыкты текшерди.

Жылуулук электр борбору буу казандарды толугу менен кароодон өткөрүп, кышка даярданган. Калаа башчысы эл суук күндөрү жылуулуксуз калбашы керектигин эскертип, кызматкерлерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Мындан тышкары келечекте Оштогу жеке менчик көп кабаттуу үйлөр да өз алдынча жылытуу системасына өтүшү керектигине токтолду.

Таанышуунун экинчи бөлүгү муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасында уланып, социалдык обьектерди, көп кабаттуу жана турак үйлөрдү жылыткан отканалардын абалы менен жеринде таанышып чыкты. Аталган ишканада жалпы 80 откана бар. Алардан 17 откана электр энергиясы, 63 откана көмүр менен жылытылат.

Калкка көмүр даярдоо боюнча шаар аймагынан 15 жерде көмүр сатуу пунктарын уюштуруу пландаштырылууда.

Жылытуу сезонун өз деңгээлинде өткөрүү шаардык мэрия тарабынан көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий