• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштон Баткен элине кезектеги гумжардам жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.09.22./Кабар/. Оштон Баткен элине кезектеги гумжардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкулчүлүгү билдирет.

"Бүгүн, 17-сентябрь күнү саат 21:50дө Ош шаарынын жана Ош облусунун биргеликте түзгөн борбордук штабынан үч чоң жүк ташуучу унаада гуманитардык жардам жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 16-сентябрь күнү саат 15:00дө Оштон Чоң-Алай районуна гуманитардык жардам жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий