• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштон чыккан Марат: Россиядагы эң белгилүү кыргыз мигранты менен маек

ТАГДЫР 0

“Фергана” Deutsche Welle менен биргеликте “Россиядагы мигранттар. Жашоо” долбоорун чыгарууну улантууда. Бул долбоор Россияда иштеп жана жашап жүргөн Борбор Азиялыктар тууралуу.

Долбоордун бүгүнкү коногу Кыргызстандык мигрант Марат тууралуу болмокчу. Ал чыныгы эрдик жасап, москвалык полиция менен достошконго жетишип, дароо эки өлкө башчысынын кабыл алуусунда болгон.

“Боровицки” метросунун станциясында мени чакмак көйнөк кийген жигит жүзүндө күлкү менен тосуп алды. Кремль көчөсү аркылуу кофе ичкени бара жатабыз. “Москва жактыбы?”,-деп суроо узаттым. “Жакты, мисалга, мына Кремль. Төрт жыл бою жанында иштеп, ал жакка кантип кирсе болот деп ойлочумун. Мына кирдим”,-деп күлүп койду.

Марат Исаевди бүт Кыргызстан жана Россия билет – ал кулаган аялды куткаруу үчүн метронун рельсине секирген жигит. Эрдиги үчүн президенттер Владимир Путин жана Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык алып, Россиядагы эң белгилүү кыргыз мигранты болуп калды.

Жылына төрт эс алуу күнү

Марат Ошто 1987-жылы тарых жана кыргыз тили мугалимдеринин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Ал беш баланын улуусу. Окууну аяктап, Бишкекте сыра жана алкоголсуз ичимдиктерди сатып иштеген агасына иштегени келет. Андан соң агасы Тюменге иштегени кетет, ошентип кичинекей соода дүкөнү Маратка калат.

“Биз – Оштун эли – абдан меймандос болобуз. Менин кардарларым да көбөйө баштады, бирок бир нече жылдан кийин мени сызга отургузуп кетишип, алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салышып, бир жылга уруксат кагазымды алып коюшту. Мен эмне кылышымды билбей, “Дордой” базарына барып, шым сата баштадым. Дүң сатып алып, бирден сата баштадым. Жумуш жүргөн жок. Москвада тайэжем иштөөчү, ага барууну чечтим”,-дейт Марат.

Үчүнчү күнү эле Марат – спирт ичимдиктер ишканасынын кампасына жүк ташыгыч болуп жумушка орношкон. Бир жарым айдан соң – буйрутмаларды чогултуучу болгон. Андан соң Марат көтөрүлүп отуруп, кампачыга чейин жеткен. Бирок, кампа Подмосковьеге көчүп – жаш жигит үчүн абдан алыс жана жашай турган жери жок болгон. Марат жеке ишканага жумушка орношуп – самындарды куюп, боеп турган. Бирок ал жактан да кетүүгө туура келген: Маратка кампадагы жетпей калган запасты мойнуна “илип” коюшкан.

“Мен аларга бир да грамм самын албаганымды жана салынган айып менен макул эместигимди айттым. Бул адилетсиздик мени таң калтырды. Мени чакырышканына карабай, жумушка кайра чыккан жокмун”,-деп эскерет.

Марат Москвадагы ишканалардын бирине курьер болуп жумушка орношот. Кечкисин жана дем алыш күндөрү пицца жасаган жерде иштейт. “2015-жылдын эсеби боюнча болгону 4 күн эс алдым”,-дейт ал.

Алгач орус классикасы, андан соң – детективдер

Россияга келген кыргыз мигранты үчүн бул дагы эң оор кыйынчылык болгон эмес. Эң кыйыны Марат үчүн орусча сүйлөө болгон, бирок ал орус тилин абдан жакшы түшүнчү.

“Мен жаңыдан Москвага келгенде москвалык Димон менен иштешип калдым. Мени кээде урушчу – жакшы иштейсиң, бирок, сүйлөбөйсүн деп. Ал мага китеп сатып алууну сунуштады. Мен орус классикасын сатып алып, бардыгын окуп чыккан соң жарым жыл бою адабий тилде сүйлөп жүрдүм”.

Бир күнү Марат метродон көлөмү анча чоң эмес детектив сатып алат. Бат окуп бүтүп, дагы сатып алып, токтоно албай калган. “Ошентип мен ооз эки орус тилинде сүйлөй баштадым”,-деп күлөт Марат.

Жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн окуя

Пиццериядагы жумушун Марат 2016-жылдын 16-февралындагы окуядан кийин таштаган. Полиция кызматкери Атрем Королюк менен бирге метронун жолуна кулап кеткен аялды куткаруу үчүн секирген. Ошол эле жылдын март айында Путин экөөнү тең “Өлүм алдындагы адамды куткарып калганы үчүн” медалдары менен сыйлаган.

“Мени бардыгы тааный башташты, мага ыңгайсыз болуп жатты”,-дейт ал. Анын үстүнө убакыт да болгон жок: мени ар кандай берүүлөргө маектерге чакыра башташты, Кыргызстанга да бат-баттан бара баштадым. Мени бүт Кыргызстан менен Россия таанып калат деген ой уктасам да түшүмө кирген эмес”.

Метродо болгон окуя Мараттын жашоосун өзгөрттү. Чөйрөсү кеңейип, Мараттын көптөгөн достору пайда болду. “Мен жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөткөн жакшы адамдар менен тааныштым. Мурда мен бирге жашаган коңшуларыма колумдан келишинче жардам берчүмүн, азыр болсо мүмкүнчүлүгүм дагы да болсо кеңейди”,-деп Марат кубанып отурду. Мен Кыргызстанда колунда бар көптөгөн адамдар менен сүйлөшүп турам. Эгерде кимдир бирөө операцияга муктаж болуп жатса, мен аларга кабар берем, алар болсо акчалай жардам беришет”.

Ал мурдагыдай эле курьер болуп иштейт, кечинде болсо коомдук жумуш менен алек болот – эмгек мигранттары үчүн тренингдерди уюштурат. “Мен тренингде мекендештериме Москвада кантип мыйзамдуу иштөө керектигин айтып берем. Биз аларга эгерде диплому болсо тазалоо тейлөө жаатында эмес – башка жакшы жумуш табууга болот экендигине түрткү беребиз. Анткени Москва – мүмкүнчүлүктөрдүн шаары жана бул жерде алар баарын жасай алышат”.

Кыргызстандын президенти менен болгон жолугушуудан соң Марат КР миграциялык кызматы менен тыгыз байланыш таба алган. “Кыргыздар Москвадан акча жөнөтүп, алардын эсебинен айлык акы алып жаткандыктарын чиновниктерге түз эле айттым. Алар үчүн чет жакка чыгып жаткан жарандарга каттоону кантип жүргүзүү керек турак жайды кантип табуу керектиги тууралуу жазылган баракчаны толтуруп коюу кыйынга турат”- деп өз сөзүн улады Марат.

Москва полициясы менен болгон достук

Куткарылган аял менен Марат социалдык тармактардан сүйлөшүп турат, ал жакта ага карата жылуу сөздөр дагы да болсо айтылып, жазылып келет. Ал эми Артем Королюк жана Маратты бекем достук байланыштырып турат.

“Мен анын ата-энеси менен тааныштым. Жолугушуу учурунда апасы мени катуу кучактап, ага жардам бергендигим үчүн ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алган – деп эскерет ал. Өзүмдүн ата-энем да мен үчүн абдан кыжаалат болушкан, бирок азыр сыймыктанышат.

Мен да кээде өзүмө суроо берем: кантип ошол жакка секирдим? Мен ага жооп бере албайм. Мен жөн гана жардам берүүнү кааладым. Коркунучтуу болгон. Поезд алдында жатканда, жашоом азыр токтой тургандыгын тушүндүм. Өлүм алдында көз алдыңа бүтүндөй өмүрүң эске түшөт деп айтып коюшат эмеспи. Ошол бир нече секунд ичинде сен бардыгын эстейсиң. Поезд токтогондо, мен кыймылдай баштап, тирүү калгандыгым үчүн бакытты сездим. Эсимде, аял да тирүү экендигин сездим. Кубанып кетип эле полиция кызматкерине: “Ал тирүү. Тез жардам чакыр!” деп кыйкырдым.

Эмне жөнүндө кыялданасың деген суроого Марат – өзүмө үй куруп, анда үй бүлөм менен бирге жашоону кыялданам деп жооп берди. Ошто аны кызы менен жубайы күтүп жатат. “Үстүндө үйлүү болуу – анын акыркы максаттарынан эмес: “Менин азыр башка кыялдарым бар жана эң башкысы – мүмкүнчүлүктөр, мен өз элиме жардам берүүнү каалайм – бул маанилүүрөөк”,-деди Марат.

Маектин убактысы келип жетти. Маратка маек берүү үчүн жумуштан чыгууга уруксат беришет, бирок абалынан кыянаттык кылууга да болбойт. Соңунда Марат мага кол булгалап, андан ары элдерге жардам берүү үчүн жөнөдү.

Маектешкен Екатерина Иващенко, “Фергана”

Пикир

Оставить комментарий