• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды

Саясат 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту 1-июлда Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай. биринчи авиакаттам менен Оштон 100 жүргүнчү учуп келсе, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти.

"Тез Жет" авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) аткарууну пландаштырууда.

Авиакаттамдар сентябрга чейин аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий