• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ОшТУда билим күнү белгиленди

Билим 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Ош технологиялык университетинин башкы корпусунда 7 факультеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы “Билим күнүнө” карата уюштурулган жыйын болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни жана концерттик программа менен башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Ректор профессор Абдыкадыр Абидов ОшТУнун окутуучулук-профессордук курамын жана студент болуу бактысына ээ болуп, университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди билим майрамы менен куттуктады. Ал ОшТУнун 2017-2018-окуу жылына карата кайрылуусунда өткөн окуу жылындагы жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып берди. Ошондой эле, жаңы окуу жылында алдыдагы жасалчу иштерге өзгөчө басым жасап, студент, окутуучу, кызматкерден тартып ар бирибиз өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн башташыбыз керек деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий