• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары, тийиштүү жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 715 метр жол оңдолуп, 1430 метр узундуктагы тротуар курулду. Көчөнүн эки тарабына дарактар отургузулуп, автоунаа токтоочу жайлар да курулган. Коопсуздук үчүн видео камералар орнотулуп, түнкү чырактар коюлду.

Мындан тышкары, жол четиндеги аллеяга отургучтар жасалып, аялдамалар салынды.

Мэр кийинки жылы Манас-Ата кичи районунун Салиева көчөсүн оңдоп, аллея куруу иштери башталарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий