• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун аймагындагы 2 миңден ашуун турак жай табигый кырсыктардан корголду

Аймак 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагындагы 2 миңден ашуун турак жай табигый кырсыктардан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл Ош облусу боюнча “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш мерчемине жалпы 94 обьект каралып, андан сырткары 9 обьект планга кошумча киргизилип, жалпы 103 обьект болгон.

Учурда облус боюнча 61 обьектте жумуш жүргүзүлүлүп, ал эми 51 обьектте жумуш аяктаган. Ал эми дагы 6 объектиде жумуш жүрүп жатат.

"Кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылган иштердин натыйжасында 1001 кожолук жол каттамы менен камсыз болуп, 2313 турак жай, 958 гектар айыл чарба жерлери, 10 чакырым ички чарбалык жол, 1 мечит, 1 бала бакча, 2,5 чакырым канал жана 1 көпүрө сел коркунучунан корголду", - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий