• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун аймактык кеңештеринде Нооруз майрамына карата иш-чаралар башталды (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине барып, студенттик шаарчадагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда салттуу ыр бийлер тартууланып, Кыргыз-Өзбек университети тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаңы жылдын башаты экендигин айтып, жакшы тилектерди каалады.

“Бүгүн Ош шаарындагы баардык аймактык кеңештерде, Жогорку жана орто окуу жайларда майрамдык иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мусулман эли белгилеген жаңы жыл бизге көп ийгиликтерди алып келсин. Жакшы тилкетерди айтып, сүмөлөк кайнаталы. Быйыл түшүм мол болсун, жерибизге кут-береке келсин”, - деди З.Аскаров.

Белгилей кетсек, бүгүн 20-март Ош шаарына караштуу 12 аймактык кеңешинде жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгында элдик майрам уюштурулган. Ошондой эле, окуу жайларда, мекеме-ишканаларда, эс алуучу жайларда концерттик программалар тартууланып жатат.

Мындан тышкары, кечинде “Кадыр түн" каадасы уюштурулуп, жаштар үчүн бий кечеси болот.

Пикир

Оставить комментарий