• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун айрым көчөлөрүндө жаңы тротуарларды куруу иштери башталды – сүрөт

Аймак 0

Ош, 15.01.19. /Кабар/. Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө жаңы тротуарлар курулат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Асранкулов көчөсүндөгү тротуарлардын курулушу боюнча пландык иштер башталган. Оштун вице-мэри Жасур Азимов тиешелүү кызмат жана ведомстволордун жетекчилери менен биргеликте иштин жүрүшү менен таанышып чыккан.

Вице-мэр тротуарларды куруу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп жаткандыгын билдирип, курулуштун жүрүшү жана сапатын калаа башчы жеке өзү көзөмөлдөй тургандыгын кошумчалады.

Тротуардын жалпыузундугу 157 метр, туурасы 3 метр. Учурда тротуарды куруу иштери башталды, ал тиешелүү брусчатка менен төшөлөт.

Курулуш иштерин шаардык курулуш башкармалыгы жүргүзүп, иш 3 айга пландалган.

Аталган көчөдөгү курулуш иштери аяктаган соң, башка көчөлөрдө да жаңы тротуарларды куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий