• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун айрым райондорунда 2 күн газ берилбейт

Аймак 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Оштун айрым райондорунда 2 күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 14-15-ноябрда Ош шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат: Кулатов, Ак-Тилек, Туран кичи райондору.

"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларын үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында
жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий