• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун Ак-Тилек кичи районундагы айланма жолдун абалы жакшыртылат

Аймак 0

Бишкек, 02.04.19. /Кабар/. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы айланма жолдун абалы жакшыртылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү ишканаларга тапшырма берген.

"Аталган айланма Ош шаарына кире бериште Ош-Баткен-Исфана жолунда жайгашкан. Айланмадагы түнкү жарыктандыруу системасы жаңыланып, гүлдөр отургузулат. Шаар мэри тапшырма бергенден кийин атайын жол белгилери сызылып, акталып сырдалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий