• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун Араван районунда сел жүргөн - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунун Али Анаров айыл аймагына караштуу Маданият айылында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөн. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тоодон сел суулары агып, үйлөрдүн короолорун каптап калды деген маалымат түшкөн.

“Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы чыгып кеткен. Кошумча маалымат берилет”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий