• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун Арек айылында жаңы ФАП ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт курулду. Бүгүн, 12-июнда ФАПтын ачылышына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, шаарга караган айылдарга өзгөчө көңүл бурулаарын айтты.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, ФАПтын айланасыда тосулуп, көрктөндүрүлгөн.

“Шаарга караган айылдарда мектеп, бала бакча, ФАП сөзсүз түрдө болуш керек. Арек айылы жаңы ФАП менен камсыздалды. Курулуш иштери жүрүп жатканда келип, ФАПтын айланасын көрктөндүрүүнү, дарак эгүүнү айткан элем. Айткан иштердин баары аткарылыптыр. Алдыда жасай турган иштерибиз көп”, - деди мэр Т. Сарыбашов.

ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 5 млн. сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары жергиликтүү ишкерлер да колдоо көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий