• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун бардык аймактык кеңештеринде “Нооруз” майрамы белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Ош шаарындагы бардык 13 аймактык кеңештерде “Нооруз-2017” майрамы белгиленүүдө. Бул тууралуу Ош шаарыдык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизинде элдик каада-салтка ылайык оюн-зоок, майрамдык маданий программалар уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, “Сүмөлөк” даярдоо каадасы өткөрүлүүдө.

Алардын катарында “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында да майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Анда аталган аймактык башкармалыктын 13 айылынан атайын топтор түзүлүп, сармерден, мыкты ыр, мыкты бий боюнча сынактар өтүүдө.

Мындан сыркары “Сүмөлөк” даярдоо каадасына 500дөн ашуун аймактын тургундары катышып, конокторго жана меймандарга майрамдык сый дасторкон жайылды.

Пикир

Оставить комментарий