• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун башчысы Абдураимов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрель күнү өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет менен жолукту.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки тарапуу экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү. Облус башчысы Жарасул Абдураимов аймакта жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

“Ош облусунда эң сапаттуу бал өндүрүүчүлөр бар. Балды чет өлкөгө экспортоону көбөйтүү планыбыз бар. Ал үчүн атайын лаборатория курушубуз керек. Лабораторияга керектүү жабдыктарды сатып алуу үчүн Британиялык Randox компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул долбоорубуз ишке ашып, чет өлкөгө сапаттуу бал экспорттойбуз. Мындан сырткары, электромобилдерди алып келип, таксопарк ачуу үчүн жумуштар аткарылып жатат”, - деди Жарасул Абдураимов

Ал эми Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет элчилик тарабынан Кыргызстанда аткарылып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

“Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан бир нече долбоорлор Кыргызстанда ишке ашып жатат. Мисалы, Баткенде бизнес инкубаторлор боюнча долбоор иштөөдө. Июнь айынын башында Ош облусуна да Бизнес инкубаторду колдоо борборун ачабыз деген пландар бар”, - деди Чарльз Гаррет

Мындан сырткары, экономикалык долбоорлор, кичи жана орто бизнести колдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий