• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун бир катар райондорунда 3 күнгө ичүүчү суу жок болот

Аймак 0

Бишкек, 18.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында үч күнгө ичүүсү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык суу чарба башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ремонт иштерине байланыштуу Ош шаарында 24нөн 26-октябрга чейин (саат 24:00дөн тарта) төмөнкү даректерде суу жок болот:

“Манас-Ата”, “Туран”, “Курманжан-Датка”, “Достук” кичи району жана “Калинин” конушу.

Ош шаардык суу чарба башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды таза суу камдап алууларын өтүнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий