• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун бюджети 2018-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөн

Аймак 0

Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын 2019-жылга бекитиле турган бюджети коомдук угууда талкууланды.

Коомдук угууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардын тургундары катышты.

Талкууда шаардык кеңештин депутаты Ж. Ормонов бюджеттин бөлүнүшү тууралуу айтып,“Интербилим” уюмунун Оштогу жетекчиси Г. Мамасалиева жана шаар тургундары бир катар сунуштарды берди.

Ош шаарынын бюджети өткөн 2018-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүп, 1 млрд 127 млн 634 миң сомду түзүүдө. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 187 млн 448 миң сомго көп.

Өткөн жылдан айырмаланып билим берүү, капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгынын бюджети көбөйтүлгөн. Тактап айтканда, шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына 120 млн. 300 миң сом, жолдор башкармалыгына 83 млн сом, билим берүү тармагына 378 млн 673 миң сом бюджеттин долбоорунда каралган.

Мындан тышкары маданият жана спорт тармагын каржылоого 74 млн 762 миң сом каралууда. Анын ичинде “Алай” футбол клубуна 19 млн 500 миң, “Сулайман-Тоо” волейбол клубуна 3 млн 900 миң сом каралган. Волейбол клубун ачууну шаар мэри Таалайбек Сарыбашов демилгелеп, шаардык кеңеш колдоп берген.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов бюджет максаттуу иштетилип, шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалаарын айткан.

Пикир

Оставить комментарий