• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун борбордук аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 01.01.18. /Кабар/. Жаңы жыл майрамынан соң Ош шаарынын борбордук аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу “Ош тазалык” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаарды тазалоону Ош-Тазалык ишканасынын жумушчулары таң эртең менен саат 04:30да баштаган.

“Борбордук аянтты тазалоого 35 жумушчу, 2 техника тартылды. Бүгүн дем алыш экендигине карабай ишкана жумушчулары штаттык режимде иштеп жатат. Шаар көчөлөрү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы да тазаланууда. Таштанды кутучаларына топтолгон таштандылардын көлөмү күндөгүдөн 200-300 кубга көп”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий