• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун борбордук аянтында айт намазын 13 миңден ашык адам окуду

Аймак 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-майда, Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ЖК депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундарын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Бүгүн ыйык Рамазан айы аяктагандан кийин, биз эң маанилүү майрамдардын бири – Орозо айтты белгилейбиз. Бүгүн майрамдык айт намазын окуп, Жараткандан жерибизге, туугандарыбызга, досторубузга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана береке тилеп жатабыз. Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм. Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Орозо айт маарек болсун урматтуу мекендештер!”- деди мэр куттуктоо сөзүндө.

Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий