• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын борбордук аянтында массалык эмдөө акциясы өтөт

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында калкты коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында концерттик программа даярдалган, ошондой эле, жаштардан түрдүү флешмоб уюштурулууда. Борбордук аянтта баардык каалоочулар коронавируска каршы эмдөө ала алышат. Вакцинаны алгандардын баарына баалуу белектер берилет.

Белгилей кетсек, иш-чара республикалык штабдын протоколуна ылайык 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин Ош шаарындагы бардык МАБдардын аймагында өткөрүлгөн масштабдуу акциянын алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий