• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Оштун борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында коомдук коопсуздукту сактоого киришкен ички иштер органдарынын кызматкерлери менен милициянын кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара “Ош–Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу эл аралык салтанаттын ачылышына карата өткөрүлдү.

Ага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Сапар Асаналиев, ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Ыманалы Саркулов, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов, Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, башкармалыктардын башчылырынын орун басарлары, Ош ОИИБ менен Ош ШИИБдин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын өздүк курамы жана башка берилген күчтөр катышышты.

Саптык кароону өткөрүүнүн негизги максаты масштабдык маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү маалында коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Андан сырткары саптык кароодо өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматтык күбөлүгү жана атайын каражаттарынын бардыгы текшерилди.

Саптык кароонун аягында иш-чаранын бардык катышуучулары аянтта салтанаттуу марш менен өтүшүп, андан соң ички иштер органдары коомдук коопсуздукту сактоого киришкен.

Пикир

Оставить комментарий