• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун борбордук базарында экологиялык жана техникалык нормалардын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда, Ош шаарынын борбордук базарында өрт, экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларынын сакталышын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган тиешелүү муниципалдык мекемелердин, базар, санэпид, экология кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында базардын учурдагы абалына, сатып алуучулар жана соодагерлер үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бурулду. Рейддин негизги максаты - Ош шаарындагы базарлардын абалын жакшыртуу, калкка керектүү шарттарды түзүү, калаанын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат.

Рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен рыноктун учурдагы абалына байланыштуу тиешелүү кызматтарга жана органдарга тапшырмалар берилди:

- борбордук базардагы муниципалдык жерлердин аянтын тактоо, ошондой эле муниципалдык базардын жана жеке кичи базарлардын чек араларын аныктоо;

- мыйзамсыз курулуштарды жана соода түйүндөрүн алып салуу;

- базардагы өрт коопсуздугун нормага ылайыктоо.

Пикир

Оставить комментарий