• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун борбордук базарында өрт өчүрүүчүлөр тарабынан машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Ош шаарындагы борбордук базарда КР ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан өрт өчүрүү боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Базар жетекчилиги менен атайын алдын ала даярдалган план боюнча өрт өчүүрүчү унаа "өрт чыкты"- делген аймакты көздөй багыт алды. Бирок унаа көпкө узабай токтоду. Себеби баш аламан жайланышкан соода түйүндөрү өрт өчүрүүчү унаага тийип, унаа белгиленген жерге жете албады. Эгерде базардын ичинде өрт чыкса, өрт өчүрүүчү унаалар өтүүчү жолдор жабык экени аныкталды.

Машыгуунун экинчи бөлүгүндө, базардагы өрт чыккан учурда колдонулуучу суу булактарынын басымы текшерилди. Аталган базарда жалгыз гана гидрант бар. Андагы суунун басымын текшерүүгө алганда, талапка ылайык 2 мүнөт 80 секундда толчу цистерна 7 мүнөттө араң толду. Демек, гидрантта суунун басымы өтө төмөн экендиги белгилүү болду.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Ош шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан базардын 4 жерине суу гидрантын орнотуу боюнча тапшырма берилген. Бирок, машыгууда анын бирөө да коюлбаганы аныкталды.

Машыгуунун жүрүшүндө соодагерлер арасында биринчи тутанган жалынды өчүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий