• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун борбордук базарында өрт коопсуздугунун нормаларын сактоо боюнча иштер күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарында өрт коопсуздугунун нормаларын сактоо боюнча иштер күчөтүлөт.

Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, 1-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын борбордук базарында өрткө каршы эреженин сакталышы менен таанышты.

Кыдыруунун жүрүшүндө өрт коопсуздугунун нормаларын жана эрежелерин бузган башаламан соода түйүндөрүнүн пайда болушуна жол бербөө, ошондой эле А.Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүнүн астындагы тротуарга жана жолго жакын жайгашкан соода объектилерин талапка ылайык келтирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилигине, Архитектура башкармалыгына, Мамлекеттик каттоо кызматына, базар башчысына өрт коопсуздугуна ылайык базардын каршы кире бериш жерлерин ачып, алардын абалын көзөмөлдөө тапшырылды.

Ошондой эле, Ош шаарынын борбордук базарындагы муниципалдык жер тилкелеринин чек арасын тактоо боюнча тиешелүү кызматтарга жана бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий