• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0


Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгууларды өткөрүүдө атайын техниканын өтүүсүнө кирүүчү жолдордун абалы, эвакуациялоо жолдорунун жана авариялык чыгуулардын абалы текшерилди.

Андан тышкары, өрт өчүрүүчү каражаттардын, үн жана жарыктын болушу жана техникалык абалы (ишке жарамдуулугу) өрт жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда эскертүү сигналдары текшерилген. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө базардын өрт-өчүрүүчү кошуунунун иш аракеттери текшерилди.

"Биргелешкен окуунун жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу боюнча базар жетекчилигине тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий