• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун Черемушки кичи районуна жаңы бала бакча курулат

Аймак 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Ош шаарынын Черемушки кичи районуна жаңы бала бакча курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Мэр эл көп жашаган кичи райондорго бала бакча куруу колго алынганын, быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча куруу пландалып жатканын айтты.

Күн мурун, 14-январда калаа башчысы муниципалдык менчиктин карамагындагы 3 кабаттуу шаардык клиникалык ооруканасынын терапия стационарынын мурдагы имаратынан кабар алды. Имарат 1961-жылы курулуп, оорукана катара иштетилип келген. 2019-жылы шаардык оорукананын жаңы имараты курулгандан кийин терапия стационары көчүрүлүп, имарат мэрияга кайтарылды.

Таанышуунун алкагында калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов тийиштүү кызматтарга имараттын абалын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүп, изилдеп чыгууну тапшырды. Комиссия имарат авариялык абалда экендигин аныктаса, анын ордуна заманбап балдар бакчасы курулат. Имарат авариялык абалда эмес деген чечим кабыл алынса, толук капиталдык оңдоодон өтөт.

2019-жылы шаардын бюджетинен Амир-Темир, Түштүк-Чыгыш кичи райондоруна жана Жапалактын Арек айылына жаңы бала бакча курула баштаган. Курулуп жаткан бала бакчалар жакынкы айларда пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий