• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун эң алыскы кварталында таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22./Кабар/. Оштун эң алыскы кварталында таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, 1-июнда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов шаардын эң алыскы 224-кварталын электр энергия менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча шаар мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасынын аткарылышын текшерди.

Буйруктун алкагында 3 көмөк чордон орнотулуп, 2,5 чакырым электр чубалгылары тартылып, 90 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду. Долбоорлоо иштеринин сметалык баасы 4,2 миллион сомду түзүп, каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп саналат. Ошондой эле быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ушул кварталда жарандарды таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында 2,8 км суу түтүктөрүн тартуу, 26 скважина орнотуу, скважинаны бургулоо иштери пландалууда. Бул кварталда 200дөй үй бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ж. Азимов бардык иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарууну тапшырды. Ошондой эле жарандар менен жолугушуу болуп, анда ушул кварталдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштар угулду.

Пикир

Оставить комментарий