• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун EREM клубу футзал боюнча Азия чемпионатында Түштүк Кореянын командасын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Таиландда өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпионатында EREM клубу Түштүк Кореянын STAR FS SEOUL командасы менен ойноп, жеңишке ээ болду. Бул тууралуу алар социалдык тармактар аркылуу кабарлашты.

Топтук этаптын экинчи туру боюнча оюн бүгүн Бангкок шаарында өтүүдө.

Оюн 5:3 эсеби менен аяктаган.

Максат Алимов (2), Азамат Мендибаев, Манас Абдрасул уулу жана Юлдашбай Салимбаев атаандаштардын дарбазасына гол киргизишкен.

Буга чейин футболчулар Кытайдан келген спортчуларга 8:3 эсеби менен жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий