• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун Фуркат айылындагы мыйзамсыз курулуштар алынды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21./Кабар/. Ош-Алай жолундагы Шарк айыл өкмөтүнө караган Фуркат айылындагы кызыл сызыкка чыгып, коммерциялык багытта иш алып барып жаткан курулуштар алынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулуштар Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасынын негизинде алынган.

Белгилей кетсек, учурда Ош облустук Архитектуралык-Курулушту контролдоо бөлүмү тарабынан Ош облусунун райондорундагы кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды тазалоо боюнча жумуштар аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий