• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун Гүлчө айылына социалдык шаарча курулду

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрь күнү Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында 84 жесир жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн салынган социалдык шаарчанын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Алай райондук администрация жетекчиси-аким Каныбек Апбасов, Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Альшанын жетектөөсүндө, Катар, Сауд Арабия жана Кувейт өлкөлөрүнөн келген коноктор катышты.

"Ас-Сафа" коомдук бирикмеси каржылаган шаарчада үч бөлмөлүү 84 батир бар, аларда өзүнчө душ бөлмөсү, от жагуучу меш жана өзүнүн тосулган короосу бар. Бардык батирлер керектүү эмерек, кир жуугуч машина жана газ плитасы менен жабдылган.

Андан сырткары, бул шаарчада ФАП, навайкана, мечит, футбол талаасы жана 25 жумуш орун менен камсыз кылуучу тигүүчү цех жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий