• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун губернатору Өзгөндө косметика каражаттарын чыгарууну сунуштоодо

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Өзгөн районундагы "Аталык- холдинг" ишканасынан косметика каражаттарын чыгарууну сунуштоодо.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Абдураимов иш сапарынын алкагында "Аталык-холдинг" акционердик коомунун Өзгөн районундагы май чыгаруучу ишканасы менен таанышты.

Азыркы учурда бир күндө 5-10 тонна май чыгарылууда. Өндүрүлгөн май продукциясы Өзгөндөн сырткары Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын камсыздап келүүдө.

Жарасул Абдураимов "Аталык-холдингден" май жана косметикалык каражатды чыгарып, ишкананын продукциясын кеңейтүү сунушун айтты.

Өкмөттүн өкүлү райондогу жетишкендиктерге өз баасын берип, мындан ары өсүп өнүгүүсүнө тилектеш экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, сырьелук базасын өнүктүрүү максатында 2019-2020-жылдары Ош, Жалал-Абад облустарынын фермерлери менен биргеликте аталган облустардагы 2 миң 700 гектар кайрак жерлерге май өсүмдүктөрү эгилген.

Пикир

Оставить комментарий