• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун көчөлөрүнүн биринде чыр салган мас милиционер кызматтан алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде мас абалында чыр салган милиционер кызматтан алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-майда айрым интернет булактарында милиция кызматкери жарандарга орой мамиле жасаган видео тараган. Анда милиция кызматкеринин жүрүм-турумунан анын мас абалында экендигин байкоого болот. Ыкчам жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталган.

Аталган милиционер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно түрдө бузгандыгы үчүн 18-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругу менен иштен алынды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган кызматкер 17-майда эрте менен нөөмөт бөлүмүндөгү кызматын аяктап, үйүнө бара жатып алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы жана коомдук тартипти бузгандыгы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий