• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун коменданты милиция кызматкерлери эмне себептен обсервацияга жаткырылганын айтты

Аймак 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов кичи ажылыктан келип обсервацияга алынгандарды көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери да обсервацияга жаткырылганын билдирди.

Анын айтымында, ички иштер органдары 13-14-15-март күндөрү кичи ажылыктан келип чектөөгө алынгандарды көзөмөлдөп, нөөмөттө турган.

"Милиция кызматкерлери нөөмөттө күнү-түнү турушкан. Бирок, илдетке шектелип жаткандар менен түздөн-түз байланышта болгон эмес. Жакын байланыш боло турган болсо, анда атайын "милиция" деп жазылышы бар коргонуучу кийимдерди кийиши керектелет. Бирок, кандай болгон күндө да нөөмөттө турган бардык күч органдары 14 күндүк текшерүүдөн өтөт", - дейт комендант.

Нурдинов белгилегендей, кооптонуунун кереги жок, эгер абал турукташып калса бардык укук коргоо органдары 3 күндөн тарта 14 күнгө чейин медкызматкерлердин сунушуна ылайык текшерилип, анан үй-бүлөлөрүнө кое берилет.

Эскерте кетсек, Ошто коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды. 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий