• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун Куршаб айылына жогорку чыңалуудагу көмөкчү станциясы салынат

Аймак 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Оштун Куршаб айылына жогорку чыңалуудагу эки көмөкчү станция салынат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Бекмурзаев аталган объектинин курулушуна капсула салды.

Куршаб айылында мамлекеттик ишмер, алгачкы премьер-министр Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган көмөкчү станция Ош жана Жалал-Абад облустарынын электр энергиясы менен камсыздалышынын натыйжалуулугун арттырат.

“Биздин энергетиктер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди жасоодо. Өткөн жылы президенттин демилгеси менен 14 күндүн ичинде тоолуу Ат-Башы өрөөнүндөгү "Муз-Төр" көмөкчү станциясы курулуп бүткөн. Андан сырткары, биз "Алтын-Казык" көмөкчү станциясынын жана Бишкек шаарындагы Түндүк РЭТинин имаратын курууга жетиштик. Жакынкы арада башка дагы энергетикалык ири долбоорлор ишке ашырылат деп ишенемин”, - деди министр.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде, Ош шаарында курулуп жаткан "Батыш" райондук электр тармагынын (РЭТ) имаратына капсула салынган.

Тармакка жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды табуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эки көмөкчү станциянын жана РЭТтин жаңы имаратынын курулушу энергетикалык ишканалардын өз каражатына жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий