• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мектептери жаңы окуу жылына даяр

Аймак 0

Ош, 30.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Оштун бардык мектептери жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Ведомстванын берген маалыматы боюнча, шаардагы болгон 71 мектептин ремон иштери аяктады. Бул жылы 9 миңге жакын окуучу биринчи класска кабыл алынды. Окуучулардын жалпы саны 64 миң болду, аларды 3 миң 252 мугалим окутат.

Ош шаарында 55 мамлекеттик мектеп, алардын 20сы мектеп-гимназиясы, 12 жеке жанан 4 мамлекеттик-жеке мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий