• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэри Ак-Тилек кичи районуна бала бакча курууга долбоор даярдоону тапшырды

Аймак 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Тилек кичи районундагы №71 "Үмүт" балдар бакчасынын абалы менен таанышып чыкты. Шаар мэри үнөмдөлгөн акчага бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталаарын билдирип, долбоорун даярдоо тапшырмасын берди.

Буга чейин Ак-Тилек кичи районунун тургундары калаа башчысына бала бакча зарылчылдыгы менен кайрылышкан.

Ак-Тилекте мамлекеттик "Үмүт" балдар бакчасы гана бар. Аталган бала бакчада 200дөн ашуун бала тарбияланат. Мэр балдардан да кабар алып, балдарга берилчү тамакка өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

"Жакында жер маселеси чечилсе Ак-Тилек кичи районуна да жаңы бала бакча курабыз. Шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүшүбүз керек. Быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулат. Ак-Тилекке үнөмдөлгөн акчага үчүнчү бала бакча катары салууну пландадык. Мындан тышкары берилип кеткен 4 бала бакчанын мурунку имараттарын кайтырып алып, оңдоодон өткөрөбүз", – деди калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий