• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри 7 мамлекеттен акындарды кабыл алды – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов баштаган түрк тилдүү мамлекеттерден келген акындарды кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэр “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” салтанатынын ачылышы жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, жыл ичи түрдүү эл аралык иш-чаралар өтө турганын билдирди. Калаа башчысы келген конокторго ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.

Ош шаарында азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын поэзия кечеси өтөт.

Иш-чара 17:00дө Кыргыз-Өзбек университетинде башталат.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкыртстан жана Кыргызстандын акындары келген. Аларды ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий