• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри 700дөн ашуун жаштар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь - Эл аралык студенттер күнүнө карата Ош шаарынын активдүү жаштары, студенттер жана жаш ишкерлер менен жолукту . Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Алгач катышуучуларга Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан аткарылган иштер жана пландар тууралуу кыскача видео тасма көрсөтүлдү.

Т.Сарыбашов жаштардын азыркы учурда мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салымдары эбегейсиз экендигин белгиледи.

“Мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү жаштардын билимине, маданиятына, коомдогу ордуна көз каранды. Билим алып, көп тил билип, замандын агымы менен, заманбап технологияларды үйрөнүп, алган билимди мамлекет, эл үчүн жумшасак ошондо өнүгүү өсүү болот. Жаштарыбыз эл аралык дүйнөлүк спортго, илимий, маданий конкурстарга активдүү катышып, акыл таймаштарда Кыргызстандын желегин чет мамлекеттерде желбиретип жаткандыгы бизди кубандырат. Ошондуктан ар бириңиздерди ар тараптуу өнүгүп, көп тил билип, мыкты билим алууга, мамлекет жана эл үчүн талыкбай ак ниет менен эмгек кылууга чакырам. Жаштарды сөз менен эмес, иш жүзүндө колдойбуз”,-деди калаа башчысы.

Ош шаарынын коомдук -саясий турмушуна активдүү катышкандыгы жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, жаш активисттер, аймактык кеңештердин жаштар иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү, жаш ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Ага улай шаар мэри Жаштар Парламенти III долбоорунун жаш депутаттарына төш белгилерди тапшырды.

Ошондой эле, Ж.Ормонов бир катар жаштарды шаардык кеңештин ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйлады.

Иш-чаранын негизинде, мамлекеттин өнүктүрүүдөгү жаштардын орду, жаштардын сунуш пикирлери, демилгелери талкууланып, концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий