• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри АӨБнын КРдагы өкүлдөрү менен шаарга суу алуучу курулма куруу долбоорун талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар шаарды таза суу менен камсыздоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду, анын ичинде Озгур суу тазалоочу станциясынын хлорду зыянсыздандыруу блогун модернизациялоо долбоорун талкуулашты. Мындан сырткары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган узундугу 2,4 чакырымды түзгөн суу алуучу курулма жана суу өткөргүч куруу долбоору тууралуу сөз жүрдү.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлордун калаа калкы үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да тыгыз кызматташуу ишенимин билдирди.

АӨБ өкүлдөрү шаар жашоочуларын таза суу менен камсыздоо долбоорлорунун алкагында жүрүп жаткан иштер тууралуу айтышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарына болгон иш сапардын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын обьектилерин көрүп, шаардын таза суу тармагынын учурдагы иштери менен таанышты. Анын ичинде Озгур суу тазалоочу станциясына, Плотина суу тосмосуна барышты.

Пикир

Оставить комментарий