• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри аэропорт жана убактылуу обсервация жайларын кыдырып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош" эл аралык аэропортуна барып, жүргүнчүлөрдү коронавирустан текшерүү иштери менен таанышты. Мэр аэропорттогу убактылуу изолятор жайынан да кабар алып, тиешелүү тапшырмаларды берди, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы чет өлкөдөн келген каттамдардан сырткары, ички каттамдарды да текшерүү керектигин билдирди.

Ошондой эле мэр шаар аймагындагы обсервация жайларынын даярдыгынан да кабар алды.

"Ош шаарынын аймагында 237 койка (обсерватор, изолятор)даярдалган. Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы 550 койка даяр. Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилип, ишкерлердин арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий