• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Оштун мэри: Арызданып келген ар бир адамдын себеби бар

Аймак 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Арызданып келген ар бир адамдын себеби бар, - деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандарды жеке арыздар менен кабыл алуу учурунда.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, бүгүн, 5-февралда калаа башчы Таалайбек Сарыбашов жеке арыздар боюнча жарандарды кабыл алган.

Мэр жашоочулардын көйгөйүн угуп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

“Жетекчилер, биз элдин көйгөйүн угуп гана тим болбостон, көйгөйүн чечип беришибиз керек. Ишканаңарга барганда жакшы мамиле кылгыла. Кабыл алып, үнүн уккула. Албетте мыйзамдуу жолу болсо жардам бергиле. Ар бир арызданып келген адамдын себеби бар”, - деди шаар мэри.

Шаар мэри шейшемби күнү жарандарды жеке арыздар боюнча кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий