• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри балдар үйүнөн кабар алып, балдарга майрамдык белектерди тартуулады

Аймак 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Алтын уя” балдар үйүнөн кабар алып, балдарга жаңы жылдык белектерин тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр балдар үйүндөгү шарт менен таанышып, китепканасына жардам көрсөтмөй болду. Балдар тарабынан концерттик программа да уюштурулган.

“Силерге керек деп эки компьютер жана түстүү принтер ала келдик. Билимдүү, китепке кызыккан балдар көп экен. Китепканага жардам кылабыз. Колдон келген ар кандай жардамдар көрсөтүлөт. Баарыңар бир туугансыңар. Мектепти бүткөн балдар-кыздарыбыздын жумуш менен камсыз болушуна жардам беребиз. Биз силерди жакшы көрөбүз”,- деди мэр.

Ошондой эле мэр балдарга майрамдык таттууларды тартуулап, пикир алышты.

“Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйү 2006-жылы Ош шаарынын мэриясынын токтому менен уюшулган.

Балдар үйүндө ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар тарбияланат. Бүгүнкү күндө 12 бала тарбияланууда. Быйыл аталган балдар үйүндө тарбияланган 2 жигит аскерде кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий