• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри БУУнун башкы катчысынын Борбор Азиядагы атайын өкүлү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бириккен Улулуттар Уюмунун башкы катчысынын Борбор Азиядагы атайын өкүлү, регионалдык борбордун башчысы Наталья Герман менен жолукту.

Таалайбек Сарыбашов БУУ Ош шаарында этностор аралык ынтымакты чыңдоодо, алардын жашоо-шартын оңдоодо, биримдикти бир калыпта кармоодо салымы чоң экендигин белгилеп, мындан ары да ар тараптуу иштешүүгө кызыктар экендигин кошумчалады.

Ал эми БУУнун башкы катчысынын Борбор Азиядагы өкүлү Наталья Герман Ош шаары гүлдөп, өнүгүү багытында экендигин билдирип, достуктун кадырына жеткен адамдардын курчоосунда экендигин кошумчалады.

Ошондой эле, аялдардын саясаттагы орду туурасында сүйлөшүүлөр боло тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары, БУУнун өкүлдөрү 21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү белгилене тургандыгын айтты.

Анын алкагында региондорду кыдырып, чек аралардагы абал менен таанышып, бир нече иш-чаралар боло тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий