• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри: Быйыл шаардын инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 15.01.22./Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Чогулгандар бул аймактагы суу, жол, тротуар, маршруттук каттамдар, бала бакча, көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар аянтчалары, айлампа жолдун жанындагы таксилердин башаламандыгы өңдүү маселелерди көтөрүштү.

Калаа башчы ар бир аймактык башкармалыкка барып эл менен жолугуп жатканын, бюджетти бекитүүдө мында айтылган сунуштар эске алына турганын билдирди. Ошондой эле долбоорлорду биргелешип каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.

«Быйыл шаардын инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Анын ичинде тротуарларды реконструкциялоого басым жасоо пландалууда», - деп белгиледи А.Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий