• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри Чехияда чемпион болгон ата-баланы сыйлады

Спорт 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов спорттун жиу-житсу түрү боюнча Чехияда өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду алган ата-баланы кабыл алды. Мэр биринчи жолу ата-бала бир аренада чемпион болгонун укканын айтып, акчалай сыйлык тапшырды.

“Ата-баланын бир учурда алтын утушу өзгөчө жаңылык болду. Ата-баланын чемпион болушу, Кыргызстандын желегин башка өлкөдө желбиретиши мени кубантты. Алдыдагы мелдештерге ийгилик каалайм”, - деди мэр.

Ушул жылдын 17-18-май күндөрү 46 жаштагы Эрали Аскарбек уулу эки баласы менен Чехиянын Прага шаарында 32 өлкөнүн катышуусу менен өткөн чемпионатка катышат. Өзү жана уулу Эржигит алтын утуп, экинчи уулу дагы бир күмүш медаль уткан.

Эрали Аскарбек уулу Бишкектеги спорт клубтардын биринде машыктыруучулук кылып, балдарын да өзү спорт менен машыктырып келет.

Пикир

Оставить комментарий