• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мэри дарыгерлерди сыйлап, колдоо иретинде каражат бөлүп берди

Аймак 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов медицина кызматкерлерин куттуктап, медицинанын ардагерлерин, алдыңкы жана жаш дарыгерлерге сыйлык тапшырды.

Ош шаардык мэриясынан маалымдашкандай, шаардагы оорукананын жетекчилерине акчалай колдоо көрсөтүп, дарыгерлерди колдоо максатында 100 миң сом бөлүп берди.

Калаа башчысы шаардагы ооруканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен көрсөтүлүп жаткан жардамдарга токтолуп, ар тараптуу колдоо иштери уланаарын билдирди.

“Сиздердин кесип сыймыктуу жана ардактуу. Кыргызстандын башкы байлыгы эле болсо, ал эми элдин саламаттыгын сактоо сиздердин негизги милдет. Шаарыбыздагы Шейит-Дөбө аймагына жаңы ФАП ачылды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мээрбан эжелерге жана медайымдардын коммуналдык кызматына 7 млн сом бөлүндү. Ак-Тилек кичи шаарчасына Кытай тарабынан гранттык негизде баасы 25 млн АКШ долларын түзгөн 150 орундуу заманбап оорукананы пайдаланууга бердик. Электрондук саламаттык сактоо системасын практикада колдонуу максатында шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 50 компьютер алып берилген. Жакында Жапалактын Арек айылына да жаңы ФАП куруп, эл пайдаланып жатат.Мындан тышкары ЖК депутаты тарабынан заманбап Кыргыз-Түрк эл аралык ооруканасы курулуп, Түркиядан адистер тартылган. Аткарылган бардык иштер элдин саматтыгы, ден соолугу үчүн болууда. Ак халатчан дарыгерлер адам өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү эң асыл жана гумандуу кесип ээлери”, - деди мэр Т.Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий