• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри ЕККУ жана ПРООНдун өкүлдөрү менен ар тараптуу кызматташууну талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Швециянын эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетинин мүчөсү, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын президенти Маргарета Цедерфельд жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде миграция, жаштарды колдоо, билим берүү системасын өнүктүрүү, этностор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну жакшыртуу жана өнүктүрүү багытында иш алып баруу ойлорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий