• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри Европа Бирлигинин Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Европа бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сарыбашов менен Ауэр эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүштү.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов эки тараптуу кызматташууга, ири долбоорлорду ишке ашырууга мэрия кызыктар экендигин билдирип, азыркы учурга чейин ишке ашкан иштерге ыраазычылык билдирди.

Европа Биримдигинин КРдагы элчиси Эдуар Ауэр мырза саркынды тазалоочу станциядагы иштер, таза суу жеткирүү боюнча аткарылган жумуштарды белгилеп, ошондой эле, социалдык багыттагы ишке ашып жаткан долбоорлого токтолду.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында дагы бир топ долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий