• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов салык кызматынын жетекчилери менен жолугушуп, маалыматтарын укту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р. Аданов, орун басарлары, мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы О. Торобаев катышты.

Мэр салык чогултууда мыйзамдуу иш алып баруу, көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүүнү тапшырды.

"Маалым болгондой, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетине апрель айында 37,7 млн сом жыйналып, аткарылышы 37,0 пайызды түзүп (план 102,2 млн сом), жергиликтүү бюджетке 64,5 млн сом түшкөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий